Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:11

Өзбекстанда карызкорлордун мүлкү тартып алынууда


Өзбекстандын Зафарабад районунун тургундары атайын топ үйлөрдү кыдырып, газ менен электрге карызы барлардын мүлкүн тартып алып жатышканына арызданышууда. Мындай көрүнүш Жизакта гана эмес, башка облустарда да болуп жатканын “Азаттыктын” өзбек кызматы кабарлайт.

Зафарабаддын Бахтияр аттуу тургуну анын үйүнө видео оператор менен келишкен милиция жана прокуратура кызматкерлери газ менен электрдин карызы үчүн малын, телевизорун алып кетишкенин айтат.

Жизак облусунун газ кызматынын инженери эгерде тургундар карызын тындырбаса, иши сотко өтүп, мүлкү тартып алынары мурда эскертилгенин айтат. Инженердин ырасташынча, облуста 300дөй адам карыз үчүн жоопко тартылышкан. Карыз өндүрүү президент Шавкат Мирзиёев январда коммуналдык акыны төлөбөгөндөргө тиешелүү чара көрүүгө чакыргандан кийин күчөгөнүн, он адамдан турган атайын топ түзүлгөнүн инженер айтты.

“Бул топко прокуратура, милиция жана сот өкүлдөрү киришет. Алар үйгө келип, прокурор иш козгоп, сот ошол жерде өкүм чыгарат. Андан кийин карызкордун мүлкүн алып кетишет", дейт атын атагысы келбеген газ кызматынын инженери.

Бул чаралар өкмөттүн №283 токтомунун негизинде жүргүзүлүп жатканы кабарланды.

XS
SM
MD
LG