Сириянын Ал-Баб шаарында Орусиянын аскерий күчтөрүнүн аба соккусунан үч түрк жоокери өлүп, он бири жарадар болду. Бул тууралуу түрк аскер күчтөрү кабарлап, окуяны кокустук деп аташууда.
Маалыматка караганда шаардагы түрк жоокерлери турган үйгө снаряд тийген.
Кремль президент Владимир Путин буга байланыштуу түрк президенти Режеп Тайып Эрдоганга телефондон көңүл айтканын кабарлады.
Ошондой эле эки мамлекет башчы Сириядагы “Ислам мамлекети” террор тобуна каршы аскердик аракеттерин координациялоону макулдашкан.
Орусиянын коргоо министрлиги буга удаа эле эки тарап Сириядагы операция учурунда маалымат алышууну күчөтөрүн да кошумчалады.
Орусия Сирия президенти Башар Асаддын режимине жардам берип келет. Түркия дагы Сириядагы террористтерге каршы операцияларды жүргүзүүүдө. Анкара Асадды кулатууну көздөгөн оппозицияны колдойт.
Буга чейин Түркия аба мейкиндигибизди бузду деп 2015-жылдын 24-ноябрында орусиялык аскер учагын атып түшүрүп, андагы эки учкучтун бири мерт болгон.