Анда адам сатууга каршы алдыдагы үч жылга карата кыргыз өкмөтү түзгөн программанын долбоору талкууланат. Долбоор БУУнун маңзат жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы тарабынан каржыланат.
Акыркы убактарда Кыргызстандан алыс-жакынкы чет өлкөлөргө кулчулукка сатылган жарандардын көбөйүп жаткандыгы айтылууда. Орусия, Казакстанга эркектер көбүрөөк кулчулукка сатылса, Түркияга, Араб өлкөлөрүнө кыз-келиндер сексуалдык кулчулукка сатылган учурлар аныкталган.(ZKo)