Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:31

"Сөз эркиндигин коргоо комитети" Жалал- Абадда жыйын курууда


"Сөз эркиндигин коргоо комитетинин" Жалал- Абаддагы жыйыны
"Сөз эркиндигин коргоо комитетинин" Жалал- Абаддагы жыйыны

"Сөз эркиндигин коргоо комитети" уюму бүгүн Жалал- Абад шаарында жыйын өтүүдө.

Талкууга Сузак жана Базар-Коргон райондорунан келген тургундар, жергиликтүү активисттер катышууда.

Жыйында Жалал-Абад шаардык кеңешинин айланасындагы жагдай жана камакта жаткан оппозиция өкүлдөрү тууралуу сөз болууда.

Уюштуруучулардын айтымында, түштөн кийин талкууга Жогорку Кеңештин айрым депутаттары да катышат.

"Сөз эркиндигин коргоо комитети" деген бирикменин алгачкы жыйыны 2016-жылдын апрелинде өткөн. Анда "Сөз жана жыйындар эркиндиги үчүн күрөшүү керек болууда. Өлкө коомдун саясий жоопкерчилигине муктаж. Ал үчүн бардык саясий жана коомдук күчтөр менен ачык диалог жүргүзүү зарыл" деген мазмунда билдирүү кабыл алынган.

Ага алгачкылардан болуп журналисттер Замира Сыдыкова, Нарын Айып, Азамат Тынаев, Сурат Жылкычиев, Элнура Кулуева, саясатчылар Равшан Жээнбеков, Өмүрбек Суваналиев, Бегалы Наргозуев, жарандык активисттер Бурул Усманалиева, Адил Турдукулов кол койгон.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов "Президент тайманбас жана чынчыл журналисттерди ар дайым колдоп келген жана колдоп жатат. Ал журналисттерди бир гана абийирге чакырып келет​" деген көз карашын билдирген. (RsK)

XS
SM
MD
LG