Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:57

Өкмөт: Сарпашев боюнча чечим иликтөөдөн кийин кабыл алынат


Тайырбек Сарпашев
Тайырбек Сарпашев

Тайырбек Сарпашевдин Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы кызматында туруу мүмкүндүгү боюнча чечим маселе тийиштүү тартипте иликтенген соң кабыл алынат.

Өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү бүгүн ушундай билдирүү таратты.

Бишкекте мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдики деген жер тилкесинин сатылып кетишине байланыштуу Башкы прокуратура кечээ, 9-февралда премьер-министрге кайрылып, Сарпашевди иштен алууну сунуштаган. Мындай сунушка анын Бишкектин Скрябин көчөсүндө жайгашкан жер тилкесине коюлган арестти жокко чыгаруу тууралуу сот чечимин аткаруу боюнча шаардык Мамкаттоого берген жазуу түрүндөгү тапшырмасы негиз болгону айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG