Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:02

Германия башпаанек албагандарды кайтарууну тездетет


Качкындарды кайтаруу маселесин талкуулаган жыйын.
Качкындарды кайтаруу маселесин талкуулаган жыйын.

Канцлер Ангела Меркель жана Германиянын 16 жеринин жетекчилери башпаанек арыздары четке кагылган мигранттар менен качкындарды өлкөсүно кайтаруу иштерин ыкчамдатуу жөнүндө макулдашты. План боюнча Германияга келгенден кийин бир нече жуманын ичинде баш калка алууга шарты жок кишилер өлкөдөн чыгарылмакчы. Мисалы, чындыкка дал келбеген жеке маалыматтарды берген, кылмыш жасагандар тез арада кайтарылат. Андан тышкары кайтарылчулар качып кетпесин деп атайын борборлор түзүлмөкчү.

Өткөн декабрда башпаанек сураган тунистик Анис Амри Берлиндеги Крисмасс базарын машине менен сүзүп, 12 кишини набыт кылгандан кийин бул маселе кайрадан козголо баштады.

2016-жылы баш калка сураган 55 миңдей киши өз эрки менен Германиядан чыгып кетишкен жана 25 миңдейи чыгарылган, 280 миңдей киши өлкөдө калуу арызы менен кайрылган. Ага чейин 890 миң келгин арыз берген.

XS
SM
MD
LG