Орусиялык аскерлер Сириянын Эл-Баб шаарында сокку урганда Түркия берген координаттарды пайдаланышкан. Түрк аскерлери ал жакта жок болушу керек эле. Бул тууралуу Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди.
9-февралда Сириянын түндүгүндө орусиялык учактардын соккусунан түркиялык үч жоокер набыт кеткен, 11и жараат алган. Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Песков жакшылап макулдашылбагандыктан координаттар туура эмес берилгенин айтты. Орусиянын Коргоо министрлиги ошондой эле түрк армиясынын ичиндеги координациянын жоктугу соккуга себеп болгонун боолголойт. Бул тууралуу булактарга таянып "Коммерсант" гезити жазды.
Түрк вице-премьер-министри Нуман Куртулмуш аскерлердин өлүмүнө алып келген окуяны кокустук деп атады. Орус президенти Владимир Путин түрк президенти Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтып, окуяга Москва менен Анкаранын ортосундагы жетишсиз байланыш себеп болгонун белгиледи.
2015-жылдын ноябрь айында Түркия Сирия чегиндеги орус согуштук учагын атып түшүрүп, бул окуя эки өлкөнүн алакасынын начарлашына себеп болгон.