Ирандыктар 1979-жылкы Ислам революциясынын жылдыгын белгилешүүдө.
Мамлекеттик телеканал Тегеран жана башка шаарларда суукка карабай жүз миңдеген киши демонстрацияларга чыгышканын көрсөттү. Баш калаадагы Азади аянтына чогулгандар Кошмо Штаттарга, Израилге каршы ураандарды чакырып турушту. Айрымдары «Америкага өлүм» деген жазуулар бар плакаттарды көтөрүп, президент Дональд Трамптын сөлөкөтүн, америкалык желектерди тебелеп жатышты.
Президент Хасан Роухани элге кайрылып, Трамп администрациясын «проблема» деп атап, Иран «коркунучка катуу жооп кайтарарын» айтты. Бир апта мурда Ак үй Иран баллистикалык ракета сыноо менен БУУнун санкцияларын бузууда деп Тегеранга эскертүү жасаганын билдирген.
1979-жылы 11-февралда аятолла Рухолла Хомейнинин жолдоочулары АКШ колдогон шах Реза Пахлавини бийликтен кулатышкан.