Линктер

шейшемби, 18-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 19:31

Ош: милиция ок атуунун чоо-жайын түшүндүрдү


Иллюстрация

Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаевдин "Азаттык" радиосуна билдиришинче, 10-февралда жергиликтүү ишкерди тоногон кылмыштуу топтун өкүлдөрүн кармоо учурунда эскертүү иретинде ок атылды.

Алар каршылык көрсөткөндүктөн тартип коргоо органдары бир нече жолу асманга ок атууга аргасыз болушкан.

Маалыматка караганда, бир ай мурда жергиликтүү ишкер кылмыштуу топтун өкүлдөрү опузалап, акча талап кылып жатканын айтып, милицияга кайрылган. 10-февралда төрт адам ишкерди коркутуп, автоунаасын алып коюу аракетин көргөн учурда кармалды. Бул боюнча тергөө жүрүп жатат. (NT/YI)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG