Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:42

Жалал-Абадда өспүрүмдөргө арналган акция башталды


Жалал-Абад шаарында өспүрүмдөрдү интернет оюндарынан алагды кылуу максатында бир айлык акция башталды.

Буга байланыштуу 9-февралда вице-мэр Айзат Раматиллаеванын жетекчилиги алдында өткөн жыйында тиешелүү чечим кабыл алынды.

Соңку учурда интернетте жайылган кооптуу оюндардан жаштарды алыс кармоо, дүкөндөрдө аларга спирт ичимдиктери менен тамеки сатпоо жана кылмыштуулукту алдын алуу максатында башталган акцияга бардык мекеме-ишканалар тартылат.

Мындан сырткары жарыяланган бир айлыктын алкагында шаардын мектептеринде окуучуларга түшүндүрүү иштери күчөтүлөт жана ата-энелер менен да жолугушуулар өткөрүлөт.

Милицияга буга чейин кылмыштуулук боюнча каттоодо турган өспүрүмдөргө көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилди.

Соңку күндөрү Кыргызстанда "Көк кит" деген интернет оюн жайылып, өспүрүмдөрдү суицидге түртүп жатат деген маалымат тарап, ата-энелер жана балдар арасында дүрбөлөң чыкты. Февраль айы башталгандан бери өлкөдө бир нече өспүрүмдүн өлүмү катталды, бирок алардын биринин да интернеттеги оюнга байланышы ырастала элек. (RsK)

XS
SM
MD
LG