Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Апрель, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:04

"Азаттык" түркмөн бийлигин журналисттерди бошотууга чакырды

Худайберды Аллашов
Худайберды Аллашов

"Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын президенти Томас Кент расмий Ашхабадды түркмөн журналисттери Сапармамед Непескулиев менен Худайберды Аллашовду токтоосуз бошотууга чакырды.

Өлкө бийлигин сындаган материалдары менен белгилүү болгон жана "Азаттык" менен кызматташкан Аллашов былтыр 3-декабрда "сагыз тамеки сактаган" деген айып менен камакка алынган. Эми ал сегиз жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Ал эми "Азаттык" радиосунун түркмөн кызматынын кабарчысы Сапармамед Непескулиев 2015-жылдын сентябрында "баңгизат сактаган" деген айып менен үч жылга эркинен ажыратылган.

Укук коргоочулар журналисттер эркин көз караштары үчүн куугунтукталып жатканын билдирип келишет.

XS
SM
MD
LG