Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:07

Кремль Сноуденди өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгүн караштырууда


Бул тууралуу америкалык NBC телеканалы аты аталбаган эки чалгын кызматкерине таянып кабарлады. Алар АКШнын чалгын кызматы ушундай тыянакка келгенин билдиришкен.

Маалыматка караганда, чалгын кызматынын анализи Орусия жетекчилиги президент Дональд Трамптын жакшы ниетине жооп иретинде Сноуденди өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгүн караштырып жатканын көрсөтүүдө.

Сноудендин америкалык адвокаты мындан кабары жоктугун билдирди. Эдвард Сноуден өзү болсо Твиттердеги баракчасына бул жаңылык анын орус чалгыны менен кызматташпаганынын далили экенин жазды.

Америкалык атайын кызматтын келишим боюнча иштеген мурдагы кызматкери Сноуден 2013-жылдын жайында АКШ жана Британиянын тыңчыларынын программалары тууралуу маалыматтарды интернетке жарыялап жибергенден кийин мекенинен качып кетип, Орусия ага убактылуу баш паанек берген.

АКШ бийлиги аны мамлекеттик жашыруун маалыматтарды жарыялаган деп айыптоодо.

XS
SM
MD
LG