Президент Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык, Алмазбек Карасартов Куралдуу күчтөрдүн Улуттук гвардиясынын кол башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.
Өлкө башчы 25-январда “Куралдуу күчтөрдү башкаруу системасын реформалоо боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койгон.
Документке ылайык, Улуттук гвардия Башкы штабга кошулуп, Кургактагы аскерлер түзүлгөн. (NT)