Мерден: Бишкектен 50 кг алтын алышым керек
Түркиянын жараны Межит Мерден 2009-жылы Кыргызстанга алгач инвестор катары келип, кийин көмүскө алтын сатууга аралашкан. Стамбулдагы кабарчыбыз Элвира Будайчиевага курган маегинде Кыргызстандан алтынды көмүскө жол менен алып турганын, кийин 1 жарым миллион долларын жиберип, бирок убада кылынган 50 килограмм алтынды ала албай калганын айтып берген. Түрк жараны ушул тапта да Кыргызстандын улуттук коопсуздук кызматкерлеринин коркутууларына кабылып жатканын, Кыргызстан менен Түркиянын расмий органдарына бир нече жолу кайрылса да эч майнап чыкпаганын айтып берди.
Чыгарылыштар
-
Июнь 13, 2026Жарандык активист Мавлян Аскарбеков камалды
-
Июнь 12, 2026Европа мигранттарды Борбор Азияга жөнөтөбү?
-
Июнь 12, 2026АКШ-Иран:тынчтык келишиминде кандай шарттар бар?
-
Июнь 12, 2026“Асман” шаары: Дымактуу долбоор, экологдордун эскертүүсү
-
Июнь 11, 2026"75чилер каты": Сотту ачык өткөрүү өтүнүчү колдоо тапты