Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:46

Абулгазиев: учак кырсыгы боюнча түрк тарап менен сүйлөшүү уланууда 

Дача айылындагы учак кырсыгынан келтирилген чыгымдарды калыбына келтирүү боюнча түрк тарап менен сүйлөшүүлөр уланууда. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев 11-февралда кырсыктын себептерин иликтөө боюнча өкмөттүк комиссиянын жыйынында билдирди. Анда белгилүү болгондой, ушул тапта авиакырсыктан жабыркаган 12 үй-бүлө Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагына бардык шарты бар убактылуу батирлерге көчүрүлдү. 

Абулгазиевдин айтымында, жабыркагандарга компенсация төлөп берүү боюнча аракеттер көрүлүп жатат. 

16-январда “Манас” аэропортуна жакын жердеги Дача СУ айылына Түркиянын жүк ташуучу учагы кулап, жыйырмадан ашуун үй талкаланган, 39 киши набыт кеткен.

XS
SM
MD
LG