Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:36

Могерини: АКШ ЕБ саясатына кийлигишпөөгө тийиш


Европа биримдигинин тышкы саясат боюнча жетекчиси Федерика Могерини АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясын Евробиримдиктин саясатына кийлигишпөөгө чакырды:

- Биз Американын саясатына киришкен жокпуз. Европалыктар да АКШ батыш саясатына аралашпай турганына үмүттөнөт, - деп айтты Могерини АКШдагы сапары учурунда.

Бул Могерининин Трамп бийликке келгенден кийинки алгачкы сапары. Ал трансатлантикалык кызматташтыкта так саясат аныкталбай турган учурга дал келди. Дональд Трамп Түндүк Атлантика союзу боюнча кескин сындарды айтпай калганы менен, мурдагыдай эле Евросоюзга ынтаа койбой, Британиянын Брексит жөнүндө чечимин колдойт.

Трамптын АКШ президенти болуп шайланышы аны Орусиядан туулган коркунучту түшүнбөгөн "кооптуу баёо" адам деп эсептеген европалык көптөгөн саясатчыларды таң калтырган.

XS
SM
MD
LG