Түркмөнстанда бүгүн, 12-февралда өтүп жаткан президенттик шайлоодо кечки саат бешке карата 94% шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына таянып, жергиликтүү маалымат булактары кабарлашууда.
Такты үчүн азыркы президент Гурбангулы Бердимухаммедовду кошкондо тогуз талапкер ат салышууда. Байкоочулар Бердымухаммедов жеңип чыгарын болжоп жатышат.
Эл аралык коомчулук түркмөн бийлигинин сегиз атаандаш чыгарганын "эл көзүнө көрүнүү" катары сыпаттаган. Серепчилер өлкөдө шайлоонун жыйынтыгы акыркы 25 жылдан бери бурмаланып келе жатканын, чыныгы оппозиция жана көз карандысыз маалымат каражаттары дээрлик жок экенин, түркмөн коомчулугу кысымга алынарын белгилешет.
Бердымухаммедов бүгүн добуш берип жатып, эгерде шайланып калса, негизги саясаты калктын жашоосун жакшыртууга багытталарын айтты.
Түркмөнстанда шайлоо бюллетенине биринчи жолу тогуз талапкер кирди. 59 жаштагы Бердымухаммедов былтыр 2017-жылы шайлоо альтернативдүү негизде өтөрүн убада берген.
Расмий маалымат боюнча, Бердымухамедов 2006-жылы 89 пайыз, 2012-жылы 97 пайыз добуш менен шайланган. Байкоочулар бийликтин катуу көзөмөлүндө турган маалымат каражаттары жана бийлик түзгөн партиялар, коомчулукка белгисиз талапкерлер шайлоодо роль ойнобой турганын айтышууда.