Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:49

Тажикстан: мураскер үчүн чабылган жол


Махмадсаид Убайдуллоев
Махмадсаид Убайдуллоев

Душанбенин мурдагы мэринин шаардык кеңештеги ыйгарым укуктары токтотулду. Ал Тажикстан парламентинин төрагалыгынан да кетиши ыктымалдыгы, бул орундарга эми президенттин уулу Рустам Эмомали келери айтылууда.

Махмадсаид Убайдуллоев Тажикстан борбору Душанбени 20 жыл башкарды. 12-январда кызматтан бошотулуп, ордуна президент Эмомали Рахмон өз уулун дайындаганы маалым.

Ошондон соң Убайдуллоевдин мэр кезиндеги курулуш программасы боюнча ишмердиги Коррупцияга каршы күрөш агенттиги тарабынан текшериле баштаган. Буга шаардыктардын арызы менен жаңы мэр Рустам Эмомалинин өтүнүчү негиз болгону кабарланды. Рустам мурда дал ушул агенттикти жетектеген.

Рустам Эмомали
Рустам Эмомали

Азырынча текшерүүнүн натыйжасы чыга элек. Бирок 7-февралда Убайдуллоевдин Душанбе шаардык кеңешиндеги ыйгарым укуктары токтотулганы да маалымдалды.

“Азаттыктын” тажик кызматынын сайтына бул кабар чыгаар замат түрдүү маанайдагы пикирлер түшө баштады:

Гариб: Махмадсаид Убайдуллоев билимдүү киши, жоопкерчиликтүү жетекчи, мыкты саясатчы. Ал эми Душанбе шаардык кеңешиндеги ыйгарым укуктарынын токтотулушу туура, ошондой эле болушу керек эле. Ал өзү акырындап мыйзамдуу түрдө бардык бийлигин жаңы мэрге өткөрүп берип жатат.

Сами: Анын орду башынан эле түрмөдө болчу. Муну аңкоолор эле билбейт. Дагы элүү жыл мэр болсо да шаардын базарларындагы башаламандык, жолдордогу паракор МАИ кызматкерлери, мыйзамсыз курулган курулуштар улана берет. Болбосо 20 жылда мыкты кожоюн заманбап шаар куруп коймок.

Азим: Эмомали ушуну бекер кылды. Убайдуллоев анын командасындагы эң ишенимдүү, эң бай жана эң акылдуу адамы эле. Убайдуллоевдин кетиши Рахмондун кланынын доору бүтүп баратканынан кабар берет. Ал бир жылда эле белгилүү болот.

"Эл менен эч ким эсептешпейт"

65 жаштагы Убайдуллоев Рахмон президенттикке келгенде премьердин биринчи орун басарлыгына дайындалган. Эки жылдан соң борбор шаардын башына келген. 2000-жылдан тарта мэрликтен тышкары Тажикстан парламентинин Жогорку палатасынын төрагалык кызматын да аркалай баштаган. Тажикстандагы жарандык согушту токтотууга чоң салым кошкон. Азыр да аны өлкөдөгү бирден бир бай, таасирдүү киши катары билишет.

Тажикстандык саясат талдоочу Зафар Абдуллоев мурдагы мэр кызматын өз ыктыяры менен өткөрүп берүүгө мажбур болгонун, эми аны ардактуу эс алууга, же кайсы бир өлкөгө элчиликке узатышарын белгилейт. Ал эми бошогон кызматтарды Рустам Эмомали ээлей турганы күтүлүүдө:

- Сыягы президент мураскер даярдап жатат. Ошон үчүн парламенттин Жогорку палатасынын төрагалыгына барчу жолду тазалоодо. Ал эми Конституция боюнча, төрага президент милдетин аткара албай калса ордун басчу экинчи адам. Убайдуллоев шаардык кеңештеги мандатын тапшыргандан кийин автоматтык түрдө парламенттеги ордунан да кетиши керек. Анткени ал жерге шаардык кеңештен көрсөтүлгөн. Ошентип адегенде шаардык кеңешке Рустам Эмомали келип, ал эми шаардык кеңеш аны парламентке көрсөтүшү мүмкүн. Анан Жогорку палатада да төрагалыкка жаңы шайлоо өтөт. Президенттин уулу ага да шайланарынан күмөн санабайм.

"Азаттык": Мындай учурда Конституцияга ылайык өлкөдө биринчи адам атасы, экинчи адам уулу болуп калат. Буга элдин ою кандай?

- Эл чыныгы ой-пикирин таза шайлоо же референдум, митингдер, же көз карандысыз сурамжылоо аркылуу гана билдириши мүмкүн. Бизде булардын бири да жок. Бул - авторитардык системанын бекемделиши. Ал эми элдин ою кандай экенин билбейм.

Эмомали Рахмондун кыздары да мамлекеттик бийик кызматтарда. Сүрөт Кытай лидеринин Тажикстандагы сапары учурунда тартылган
Эмомали Рахмондун кыздары да мамлекеттик бийик кызматтарда. Сүрөт Кытай лидеринин Тажикстандагы сапары учурунда тартылган

Өткөн жылкы референдумда эл Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү колдошкон. Анын бир пунктуна жаран 35 эмес, 30 жаштан президенттикке талапкер боло алат деген өзгөртүү киргизилди. Ошондо бул Рустам үчүн жасалып жатканы айтылган. Сыягы, Тажикстанды 94-жылдан бери башкарып келаткан, пайгамбар жашындагы Эмомали Рахмон чукул арада ордуна уулун отургузууну чечкендей.

XS
SM
MD
LG