АКШ президенти Дональд Трамп апталык кайрылуусунда өлкө коопсуздугун чыңдоо үчүн иммиграциялык мыйзамдарды күчөтө турганын билдирди. Ошондой эле ал Обама администрациясы ири компанияларга салган салыктын өлчөмүн азайтмакчы.
Трамп бизнесин Кошмо Штаттардан чыгарып кетүүнү көздөгөндөргө да шартты оорлотууга ниеттенүүдө. Ал көптөгөн жаңы жумуш орундарын түзүүнү жана мыйзамсыз миграция менен күрөшүүнү башкы максаттардын бири катары санады.
Трамптын январдагы мыйзамсыз мигранттарга каршы мыйзамына ылайык, АКШ-Мексика чегине дубал курулат. Ал эми дагы жети мусулман өлкөсүнөн келген жарандарга 90, качкындарга 120 күн виза берүүнү токтотуу боюнча жарлыгын АКШ Апелляциялык соту четке какты. Мындан соң Трамп буга байланыштуу башка жарлык даярдай тургандыгын билдирген.