Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:14

АКШдагы теннис таймашында нацисттик гимн жаңырды


Андреа Петкович, немис теннисчиси.
Андреа Петкович, немис теннисчиси.

АКШнын Теннис федерациясы беттеш алдында Германиянын эски улуттук гимни, нацисттик режим учурундагы урааны калпыстыктан улам жаңырып кеткенин айтып, кечирим сурады.

Окуя 11-февраль күнү Федерация кубогу үчүн таймаш башталар алдында болгон. Америкалык Алисон Риске менен германиялык Андреа Петкович мелдешке түшөрдөн мурун Адольф Гитлердин нацисттик режими учурундагы гимн коюлуп, “Германия, Германия, баарынан бийик, бүт дүйнөдөн бийик” деген саптар жаңырган.

Мындан улам теги босниялык немис спортчу Петкович корттон чыгып кетүүгө да камынганын журналисттерге айтып берди.

АКШ теннис федерациясынын расмий кайрылуусунда “Биз сый көрсөтпөй коюуну көздөгөн эмеспиз. Мындай калпыс ката эми кайталанбайт” деп айтылат.

XS
SM
MD
LG