Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:12

Өзбекстанда Морган Фримендин сүрөтү “Дейди” фильмин токтотту


«Өзбеккино» улуттук агенттиги жергиликтүү Timur Film студиясы тарткан «Дейди» тасмасын кинотеатрларда жана телеканалдарга көрсөтүүгө убактылуу тыюу салды. Ага фильмдин жарнамасындагы эреже бузуу себеп болгон.

Жергиликтүү булактардын маалыматына караганда, тасманын трейлеринде, баннерде жана билеттерде белгилүү америкалык актер Морган Фримендин элеси көрсөтүлгөн. Бирок кинону таркан топто актердун сүрөтүн пайдаланууга укук берген эч кандай документ болгон эмес.

Timur Film студиясы тасмага болгон суроо-талапты жогорулатуу үчүн америкалык актердун сүрөтүн рекламага колдонгону аныкталган. «Өзбеккино» улуттук агенттиги муну жалган маалымат менен коомчулукту адаштырып, көрүүчүлөрдүн укуктарын бузуу деп сыпаттады.

Мындан улам «Өзбеккино» Менчиктештирүү жана атаандаштыкты өнүктүрүү комитети менен Интеллектуалдык менчик агенттигине сунуштама жөнөткөн. Чечим чыкканга чейин тасманы өлкө кинотеатрларында көрсөтүүгө тыюу салынды.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG