Чүйдө окуучу кыздын классташтары тарабынан сабалышын иликтөөчү комиссия түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн Билим жана илим министрлигинен кабарлашты.
Мекеменин маалыматына караганда, окуя Москва районуна караштуу Ак-Суу айылынын №2 орто мектебинде болгон.
Окуянын чоо-жайы тууралуу азырынча расмий маалымат жок.
Комиссиянын курамына министрликтин, Бишкек шаардык жана Чүй облустук билим берүү башкармалыктарынын өкүлдөрү кирди. (RK)