Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:49

Жээнбеков: Атамбаев кеткенден кийин Башмыйзамды өзгөртүү керек


Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

Мындай пикирин саясатчы Равшан Жээнбеков бүгүнкү саясий жыйында айтып, бул демилгени жарандык коомду, белгилүү саясатчыларды, оппозицияны колдоого чакырды. Жээнбеков бардык дымактуу саясатчылар жаңы маданиятты, жаңы көз карашты калыптандырууга тийиштигин ырастап, бүгүнкү форумдан кийин координациялык кеңеш түзүүнү сунуштады.

Ал эми “Ата Журт” партиясынын төрагасы Камчыбек Ташиев бир столго отурбай турган адамдар чогулуп, шайлоону таза өткөрөбүз деп жатканы жакшы көрүнүш экенин белгиледи. Ташиев бүгүнкү чогулгандардын арасында президенттик шайлоого катышарын ачык билдирген үч кишинин жоктугун айтып, аларга таза шайлоо кереги жокпу деген суроону койду. “Ата Журт” партиясынын лидери мураскер маселесине этият болууга чакырды. (EBM/ZKo)

XS
SM
MD
LG