Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:35

"2017-жылдагы бурмалоосуз шайлоо" форумуна сунушталган резолюция


Форумдун катышуучулары.
Форумдун катышуучулары.

Резолюция тогуз пункттан турат. Анда күзүндө өтүүчү президенттик шайлоону акыйкат, таза өткөрүүнүн моралдык-саясий жоопкерчилиги азыркы президент Алмазбек Атамбаевге жүктөлгөн. Ошондой эле келечекте президент болуп шайланган киши өзүнүн саясий партиясынан биротоло чыгуусу керек. Президент эч бир саясий партияга тартпай, “журт атасы” болууга тийиш.

Мындан тышкары форумдун катышуучулары автоматтык шайлоо системасынан да баш тартууга чакырышууда. Бул система шайлоонун адилет өтүүсүн камсыздап бере албастыгын көрсөттү деп айтылат резолюцияда.

Төртүнчү пунктта келечектеги президентке өзүнүн укуктарын кеңейтип-чоңойтуп алууга мүмкүнчүлүк бербөө, бешинчисинде Конституцияны өзгөртүүгө жол бербөө, бийлик бутактарына тиешелүү Башмыйзам өзгөртүлсө, ал сөзсүз түрдө шайлоого алып келери айтылган.

Форумдун резолюциясында азыркы өкмөттүн жана Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын ишине “канааттандырарлык эмес” деген баа берүү сунушталган.

Ошондой эле келе жаткан президенттик шайлоодо бардык талапкерлерге бирдей мүмкүнчүлүк жана шарттар түзүлүүсү талап кылынып, форумдун катышуучулары “бийликтин бир колго топтолуусуна” жол бербөөсү жазылган.

Резолюциянын аткарылышына форумдун саясий кеңеши көзөмөл кылат деп жазылган.(EBM/ZKo)

XS
SM
MD
LG