Биринчиси, укуктук бийлик программасы боюнча. Бул программанын алкагында Евробиримдик 30 млн евро бөлөт. Ошондой эле 11 млн евро бөлүнчү аймактарды өнүктүрүү боюнча келишимге кол коймокчу.
15-февралдан 17сине чейин мерчемделген сапарында президент Алмазбек Атамбаев Бельгиянын королу Филипп Леопольд Людовик жана Германия канцлери Ангела Меркел менен жолугушат. Ошондой эле Euronews телеканалына маек курарын президенттин аппарат башчысынын 1-орун басары Сапар Исаков журналисттерге билдирди.
Мындан тышкары Алмазбек Атамбаев Евробиримдиктин башчысы Дональд Туск, Еврокомиссиянын жетекчиси Жан Клод Юнкер жана Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жетекчиси Федерико Могерини менен жолугат. (YU/ZKo)