Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:22

Бердымухаммедов добуштардын 97 пайызын алды


Гурбангулы Бердымухаммедов
Гурбангулы Бердымухаммедов

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов жекшембидеги шайлоодо добуштардын 97,69 пайызын алды. "Көгүлтүр отко" бай дүйнөдөгү эң жабык өлкөлөрдүн бири саналган Түркмөнстанда шайлоочулардын 97 пайызы добуш бергенин Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Өткөн жылы кабыл алынган конституциялык өзгөртүүлөргө ылайык, бул жолу президент беш жылга эмес, жети жылга шайланды.

12-февралдагы президенттик шайлоого Бердымухаммедовдон башка сегиз талапкер катышкан. Эл аралык уюмдар Түркмөнстандагы 1991-жылдан берки бир дагы шайлоону тааныган эмес. “Хюман Райтс Уотч” уюму сөз эркиндиги жок өлкөдө жарандардын мамлекет башчысын эркин тандоосу мүмкүн эмес деп билдирген.

XS
SM
MD
LG