Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:37

Автоунааларды убактылуу каттоого уруксат берилди


Автобазар.
Автобазар.

Бул техникалык коопсуздукту текшерүүчү лабораториялар тиешелүү жабдыктар менен жабдыла электигине байланыштуу болууда. Транспорт каражаттарын каттоо департаменттинин башчысы Жоошбек Коёналиевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, даярдыктын жоктугунан улам убактылуу жеңилдиктерди киргизүүгө туура келген:

- Евразиялык биримдикке кирбеген Латвия, Германия сыяктуу өлкөлөрдөн алынып келинген автоунаалар тиешелүү коопсуздук ырастамасы жок каттоого коюлбайт. Бирок бул ишти өзүнө алган экономика министрлиги тиешелүү лабораторияларды жабдып үлгүрө албай калганына байланыштуу, биз убактылуу каттоого коюп турууну чечтик. Буга чейин аталган министрлик муну өз моюнуна алып, диагностикалык борборлорду ачып, алар тиешелүү текшерүүдөн өткөрүп, күбөлүк бергенден кийин гана биз каттоого алышыбыз керек эле.

Бажы союзунун “Транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндөгү” техникалык регламентине ылайык, Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттерге башка өлкөлөрдөн келип жаткан автоунаалардын коопсуздугун камсыздоо чараларын көрүүгө Кыргызстан да милдеттүү. Өкмөт 12-февралдан тарта бул милдеттенме күчүнө киргени кабарлап, ал эреженин негизинде, транспортту Мамлекеттик каттоого алуу диагностикалык борбор берген документ аркылуу гана ишке ашарын маалымдаган.

Бул өз кезегинде ишкерлердин жана автосүйүүчүлөрдүн нааразылыгын жараткан.

Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына таянсак, жарандар өлкөгө 2014-жылы 106 770, 2015-жылы - 2282, былтыр 200 гана автоунаа алып келинген.(KJ/ZKo)

XS
SM
MD
LG