Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 08:25

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетяньяху АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугуу үчүн бүгүн Вашингтонго сапар алууда. Ал Трамп менен 15-февралга белгиленген алгачкы сүйлөшүүсүндө АКШга “жоопкерчиликтүү саясатты” сунуштарын айтты. Эки лидердин жолугушуусунда Израил-Палестина чатагы, Иран маселеси да талкууланат деп күтүлүүдө.

АКШнын мурдагы президенти Барак Обама менен анчейин тил табыша албаган Нетяньяху жаңы президент менен жакшыраак мамиле түзүлөт деген ишеничин билдирген. Дональд Трамп шайлоо өнөктүгү маалында Израилди колдоп, Палестинага карата катуу позицияны карманарын билдирген.

Бирок ишке киришкенден кийин Израилдин палестиналыктар ээлик кылган аймакта жаңы конуштарды куруу аракетин “тынчтыкка өбөлгө болбойт” деп мүнөздөгөн. Жакында Израил өкмөтүнүн мүчөсү Михаэл Орен “Дональд Трамп акыркы үч аптада башкача сүйлөп жатканын, Израил тарап этият болушу керектигин” айткан.

XS
SM
MD
LG