Аккордеон коштогон обон
Өткөн кылымдын элүүнчү жылдарынан бери, аккордеон, улуттук музыкалык аспап катары кыргыз кыртышынан терең орун алып калды. Ал кезден баштап обончулар жана аткаруучулар өз чыгармаларын аккордеондун коштоосунда жаратып, ырдап келишкен. Бүгүнкү күндө кыргыз музыкасында аккордеондун орду кандай?