Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 08:39

Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги тарабынан Анкаранын Кызыл-Ай аймагында киши колдуу болду делген аялдын набыт болушу иликтенүүдө. Элчи Ибрагим Жунусов “Азаттыкка” билдиргендей, азырынча маркум жөнүндө маалымат тактала элек.

13-февралда Фейсбукта курман болгон аялдын сүрөтү тарап, ал Кыргызстандын Жалал-Абад облусунан экени, ресторандардын биринде өлтүрүлгөнү жазылган. Анын чын-төгүнүн тактоону элчинин кеңешчиси Медер Абакиров жүргүзүүдө.

- Кабарды угуп эле иликтөөнү баштадык. Кеңешчим ресторанга да, полиция кызматкерлерине да барып келди. Ооруканалардагы өлүк сактоочу жайларды да текшердик. Эч жерде маалымат жок. Фейсбукта тараган кабарда аял жалалабаддык экени айтылып жатат. Аты-жөнүн да билбейбиз. Бир ресторандын аты аталып, ошол жерде жаңжалда киши колдуу болду деп жүрбөйбү. Ресторанга да бардык, мушташ болгону чын экен. Бирок ага аялдар катышпаганын, жалаң эркектер жаңжалдашканын айтышты,- деди Жунусов.

Кыргыз элчилиги полицияга да кайрылган. Азырынча окуяны күч органдары да тактай элек. (SE\ElB)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG