Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Жарыктын ашыкча төлөмүнө техника себепкер болушу мүмкүн


Электр энергиясы үчүн келген төлөм эсептеринин кескин өсүп кетүүсүнө техникалык мүчүлүштүктөр себеп болушу ыктымал. Бул тууралуу 13-февралда өкмөттөгү жумушчу жыйында Улуттук энергохолдинг компаниясынын төрагасы Айбек Калиев билдирди.

Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан кабарга ылайык, 2016-жылдын декабрь айында жана 2017-жылдын январында ушундай жагдай жаралган. Бул аралыкта тургундардан 350 даттануу түшкөн:

-Анын 331и экспертизадан соң “доом жок” деп арыз жазып берген. Ушул тапта 14ү каралып жатат,- деди Калиев.

“Акылдуу эсептегичтер” алдашы мүмкүн эместигин белгилеген жетекчи эгер мүчүлүштүк такталса, компания ашыкча жазылган сумманы кайра төлөп берүүгө даяр экенин билдирди.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков мындай көрүнүштөрдүн кайталанышына жол койбоону жана абал боюнча жарандарга ыкчам жооп берүүнү тапшырды.

Соңку күндөрү “акылдуу эсептегич” менен келген төлөм суммалары мурдагыга салыштырмалуу беш-алты эсе көп көбөйүп кеткенине көпчүлүк нааразы боло баштаган. (SE)

XS
SM
MD
LG