Бишкекте 14-февралда Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылышына арналган даректүү сүрөт көргөзмө ачылат. “Ооганстан: Биздин азап жана эстелик” деп аталган иш-чара Михаил Фрунзе атындагы үй-музейде уюштурулууда. Аталган музейден кабарлашкандай, сүрөттөр Ооган согушунун себептерин, кооганын жүрүшүн, Советтик аскерлердин бул апааттагы ордун чагылдырат. Материалдар согушка катышып келген ардагерлерден чогултулган.
15-февралда совет аскерлеринин Ооганстандан чыгарылышынын 28 жылдыгы белгиленет.
Ооганстанга "интернационалдык кызматын өтөөгө" 7 миң кыргызстандык жоокер жөнөтүлгөн. Анын 252си курман болуп, 1500ү жараат алган. Төртөөнүн али күнчө дайыны жок. (SE)