Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:35

Ош-Москва учагы жүргүнчүнүн айынан кайра конду


Оштон Москвага бүгүн, 14-февралда жөнөгөн учак бир жүргүнчүнүн айынан кайра конууга мажбур болду. Ош аба майданынан “Азаттыкка” билдиришкендей, Орусиянын S7 компаниясына таандык учак эртең менен сегизде абага көтөрүлгөн. Бирок борттогу бир киши өзүн жаман сезип, дароо конгон. Ушул тапта кайра учуууга даярдык көрүлүүдө. Жүргүнчүлөр сыртка чыгарылган жок.

Ал тапта учактагы айрым кишилер бортто ооруп калды деп айтылган адам мас экенин, экипажга баш ийбегени үчүн кайра конууга мажбур болушканын белгилешүүдө. Бирок бул маалымат расмий бышыктала элек. (SE\RsK)

XS
SM
MD
LG