Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:45

Мигранттардан келген акча көбөйдү


Мигранттар.
Мигранттар.

2016-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанга сырттан которулган акчанын суммасы мурунку жылга карата 21,6% көбөйгөн. Жалпысынан Кыргызстанга сырттан 1 млрд 634,3 млн доллар которулган. Бул тууралуу бүгүн Улуттук Банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов журналисттерге билдирди.

Төраганын айтуусунда, өнөктөш өлкөлөрдөгү экономикалык кырдаал Кыргызстанга да таасирин тийгизди. Анын айтуусунда, 2016-жылы тышкы соода 4 млрд. 716 млн. долларды түздү, бул мурунку жылга салыштырмалуу 1,5% аз. Абдыгуловдун маалыматы боюнча, өткөн жылы экспорт 7,1% төмөндөп, 1 млрд. 315 млн. долларга түштү. Ал эми импорт тескерисинче 0,9% өсүп, 3 млрд. 401 млн долларга жетти.(ZKo)

XS
SM
MD
LG