Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:17

Нью-Йоркто Кыргызстанда өтчү президенттик шайлоо талкууланды


Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши.

Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова 13-февралда БУУ башкатчысынын саясий маселелер боюнча кеңешчиси Мирослав Енча менен кездешти. Жолугушууда Улуттар уюму менен Кыргызстандын кызматташтыгы, өлкөдөгү шайлоо системасын жакшыртуу туурасында сөз болду. 2015-жылы парламенттик шайлоонун жана 2016-жылы 11-декабрда Башмыйзамды өзгөртүүгө арналган референдумдун жүргүшү тууралуу пикирлер айтылды.

Ошондой эле тараптар Борбор Азиядагы коопсуздук маселесин, күзүндө Кыргызстанда өтүүчү куу илбирсти сактап калууга арналган форумга даярдыкты талкуулашты.

Аягында Динара Кемелова Мирослав Енчаны Эл аралык миграция уюму менен биргеликте Кыргызстан БУУнун штаб-квартирасында уюштуруп жаткан иш-чарага чакырды.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. (ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG