Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:00

Айыптоочулар Карганбек Самаковду 19 жылга камоону сурады


Карганбек Самаков.
Карганбек Самаков.

Октябрь райондук сотунда бүгүн экс-депутат Карганбек Самаковдун, экс-премьер-министр Игорь Чудиновдун, мурдагы вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевдин жана башкалардын иши боюнча соттук териштирүү уланды.

Жарыш сөз алган прокуратура өкүлү Карганбек Самаковдун мүлкүн конфискациялап, класстык чиндеринен ажыратуу менен 19 жыл күчөтүлгөн режимде эркинен ажыратууну сурады. Игорь Чудинов менен Искендербек Айдаралиевди ушундай эле шарттар менен 11 жылга камоону соттон өтүндү.

Ал эми мурдагы бийлик ээлери Курманбек Бакиев, Жаныш Бакиевди 18 жылга, Арстанбек Ногоевди 11 жылга эркинен ажыратууну айыптоочу тарап соттон суранды.

Айыпталуучуларга сөз кийинки отурумда берилмекчи.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаков жана дагы бир топ адамга карата кылмыш иши былтыр 14-майда козголгон. Ал Чүйдүн Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айылдарында 262 гектир жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялаган деп айыпталууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG