Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:19

Торутаев: Кыргызстанга Кытайдан кирген товарлардын салмагы дал келет


Кытай базары.
Кытай базары.

Бул тууралуу мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Алтынбек Торутаев маалымат жыйынында билдирди. Ал журналисттин “эмне үчүн Кыргызстанга Кытайдан кирген импорт товарлар тууралуу эки өлкөнүн маалыматтары дал келишпейт?” деген суроого Кыргызстанга Кытайдан кирип жаткан товарлардын эсебин чыгаруу ыкмалары бөлөк болгондуктан, маалыматтар түрдүү чыгып келген, деп жооп берди.

Торутаев маалыматтарды тактоо үчүн Кытайдын бажы кызматына бир нече жолу кат жиберилип, бирок терс жооп алынганын кошумчалады. Анын ырасташынча, кытайлар товарын биринчи эле чыккан өлкөгө экспорттолду деп эсептешет, кыргыз тарап транзит аркылуу башка өлкөлөргө кетүүчү товарды импорт деп эсептебейт. Бирок ошол эле учурда Кыргызстанга Кытайдан кирген товарлардын салмагы тууралуу эки тараптын маалыматтары дал келет, деп бекемдеди Алтынбек Торутаев.

Кытайдан Кыргызстанга кирген товарлардын көлөмү тууралуу эки өлкөнүн бажы кызматтары берген маалыматтар эки түрдүү чыгып келе жатканы тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттары маселе көтөрүшкөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG