Линктер

жума, 15-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 06:38

Америка президентинин кеңешчиси Майкл Флинн Орусиянын АКШдагы элчиси менен сүйлөшүүсү жөнүндө жетекчиликке туура эмес маалымат берген деп айыпталды. Натыйжада Дональд Трамптын президенттик кызматка киришүүсүнө бир ай боло электе 13-февралда кызматынан кетүүгө мажбур болду.

Шайлоо өнөктүгү учурунда Майкл Флинн Трамптын ишенимдүү жана туруктуу колдоочусу болгон. Бирок анын Орусия менен байланыштары ошондо эле тынчсыздануу жараткан. Декабрь айында ал Орусиянын элчиси Сергей Кисляк менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүндө санкциялар боюнча кеп болгон эмес, деп вице-президент Майк Пенсти ишендирген.

Бирок көп өтпөй Кисляк менен сүйлөшүүдө санкция маселеси талкууланганын четке каккан эмес. Мамлекеттик кызматка кирише элек кишинин тышкы саясат боюнча сүйлөшүүсү АКШ мыйзамдарына каршы келет. 13-февралда Майкл Флинн вице-президент Пенске толук эмес маалымат бергенин моюнга алган. АКШ президентинин коопсуздук боюнча кеңешчисинин милдетин аткаруу Жозеф Кит Келлогго жүктөлдү. (AiT)

XS
SM
MD
LG