Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:20

ЕБ: Грузия, Украина жарандары визасыз каттайт


Визасыз режим кандай шартта болору тууралуу жаңы эрежени Европа парламенти 13-февралда кабыл алды. Ага ылайык, үчүнчү өлкө жарандары эч негизи жок коопсуздугуна коркунуч бардыгын айтып, качкын статусун алууга аракеттенсе, мындай көрүнүш кеңири жайылып кетсе, кайрадан виза тартиби орнотулат.

Бул эреженин ишке кирүүсү менен бир нече айдын ичинде украиналыктар менен грузиялыктар Шенген зонасында визасыз каттоого укук алмакчы. Европа парламенти 3-февралда көпчүлүк добуш менен Грузияга визасыз режим киргизүүнү жактаган. Ал март айынын аягында күчүнө кириши күтүлүүдө. Ал эми Украина жарандары үчүн визасыз тартип июнь айында күчүнө кирмекчи. (AiT)

XS
SM
MD
LG