Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:35

Багдад: Ирак күчтөрүнүн соккусунан ИМдин командирлери өлдү


Абу Бакр аль-Багдади
Абу Бакр аль-Багдади

Аба соккусу урулган имараттын ичинде “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун лидери Абу Бакр аль-Багдади да болуш мүмкүн экендиги кабарланды. Соккудан 13 командир өлгөнү айтылууда. 13-февралда таратылган билдирүүдө Ирак түндүгүндөгү Каим регионуна урулган соккулардан “Ислам мамлекетинин” 64 жоочусу да жок кылынган белгиленген. Ирак аскерлеринин маалыматы боюнча, Багдади Сириянын Ракка шаарынан Каим регионуна өткөн жумада өткөн. Ал Мосулдун айланасындагы кырдаал боюнча жана өзүнүн мураскери жөнүндөгү маселени командирлер менен талкуулаган. Аль-Багдадинин жарадар болгону, ал эмес окко учканы тууралуу буга чейин бир нече маалыматтар чыккан. (AiT)

XS
SM
MD
LG