Линктер

ишемби, 20-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 02:23

Өтмөк ашуусунда жеңил унаалар өткөрүлө баштады


Иллюстративдик сүрөт.

Катаал аба ырайына байланыштуу убактылуу жабылган Бишкек-Талас жолунда жеңил унаалардын каттамы жанданды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, Өтмөк ашуусуна киргизилген чектөө бүгүн кечки саат беште алынды. Ал эми жүк машинелерине азырынча уруксат жок.

Кар жана шамалга байланыштуу аталган жол бүгүн, 14-февралда түштөн кийин жабылган болчу.

Синоптиктер ушул апта соңуна чейин Кыргызстандагы тоолуу унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу жогору экенин эскертүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG