Президент Алмазбек Атамбаев жумушчу сапар менен бүгүн Бельгияга жөнөйт. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, Брюсселде король Филипп Леопольд Людовик менен эки тараптуу сүйлөшүү өткөрөт.
Евробиримдиктин төрагасы Дональд Туск, Еврокомиссиянын жетекчиси Жан Клод Юнкер жана Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жетекчиси Федерико Могерини менен да жолугушуу пландалган.
Президенттин кийинки сапары Германияда уланып канцлер Ангела Меркел менен жолугушат. Euronews телеканалына интервью берет.
Алмазбек Атамбаевдин аталган мамлекеттерге сапары 15-17-февралга мерчемделген. Бул аралыкта, Евробиримдик менен эки каржылык келишимге кол коёт. Биринчиси, 30 миллион евро өлчөмүндөгү укуктук бийлик программасы. Экинчиси, аймактарды өнүктүрүү боюнча 11 миллион еврого бааланган келишим. (SE)