Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:24

Кыргызстанда ыкчам паспорт алуу арзандады


Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргызстанда тез арада паспорт жасатуунун төлөмү 13-февралдан тарта арзандаганын маалымдады. Мындан ары сегиз күн ичинде ID-карт алуунун баасы 900 сом болду (мурунку баа 1300 сом). Эки күн ичинде алууну каалагандар 1100 сом төгүшөт (мурунку тариф 1627 сом).

Ал эми жалпы жарандык паспортту сегиз күндө алуу үчүн 1510 сом төлөнөт (мурдагы баасы 2200 сом). Эки күндүк мөөнөткө 2000 сом (буга чейинки төлөм 2950 сом) болуп калды. (SE)

XS
SM
MD
LG