Бишкектеги “Космопарк” эс алуу борборуна “бомба коюлганы” тууралуу маалыматтан улам адамдар эвакуация болду. Шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Олжобай Казабаев “Азаттыкка” билдиргендей, бүгүн, 14-февралда саат 19:05те белгисиз киши Октябрь райондук милициясына чалып, “бомба” тууралуу кабарлаган.
Аталган эс алуу борборунда милициянын ыкчам тобу, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин адистери жана саперлор барып издөө-иликтөө иштерин жүргүзүүдө.
- Жарылуучу зат тууралуу маалымат келип түшкөнүнө эки сааттай убакыт болгонуна карабай, “бомба” табыла элек, - деди Казабаев.
Бишкекте буга чейин да бир канча жолу милицияга ушундай билдирүү түшүп, кийин жалган болуп чыккан. (SE)