Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:05

Трамп Орусия Крымды Украинага кайтарышы керектигин айтты


Шон Спайсер
Шон Спайсер

АКШ президенти Дональд Трамп Москва аннексиялап алган Крымды Украинага кайтарып берип, Орусиянын колдоосу менен жикчилдер дээрлик үч жылдан бери өкмөттүк күчтөргө каршы күрөш жүргүзүп жаткан аймактагы зомбулукту токтотушу керектигин ишара кылды. Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз катчысы Шон Спайсер билдирди.

Анын айтуусунда, Трамп Москвага карата «катаал багытты» карманат. Ошол эле маалда президент Орусия менен болгон мамилелер жакшырат деп күтүүдө.

Өз билдирүүсүндө Спайсер АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли 3-февралда уюмдун Коопсуздук Кеңешиндеги алгачкы сөзүндө Орусияны кескин сынга алып, «Крым Украинанын бир бөлүгү экенин» жана ал Украинанын көзөмөлүнө толук өтмөйүнчө жарым аралга байланыштуу киргизилген санкциялар күчүндө каларын айтканын эске салды. АКШнын жаңы каржы министри Стивен Мнучин дагы Орусияга каршы киргизилген санкциялар күчүндө каларын билдирген.

Орусия Крымды 2014-жылы аннексиялап алган. Бул аракетти эл аралык коомчулук сындап, мыйзамдуулугун тааныбай келет.

XS
SM
MD
LG