Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:01

Былтыр кыргызстандыктарга жарым миллиондон ашуун паспорт берилген


Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, өткөн жылы жалпысынан 582 971 кыргызстандык жаран паспорт алды. Анын ичинен 384 112си ички паспорт, 198 859 жалпы жарандык паспорт. Ошондой эле 1994-жылкы 25 227 паспорт жаңысына алмаштырылган.

Маалыматка ылайык, эски паспорттор коопсуздук кызматынын катышуусу менен жок кылынат.

Паспорттон тышкары өткөн жылы 159 584 балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилсе, өлгөндүгү тууралуу 33 547 күбөлүк берилген.

48 936 үй-бүлөгө нике күбөлүгүн алса, 9098 үй-бүлө расмий ажырашкан. Аты-жөнүн өзгөрткөндөрдүн саны 37 206 киши болгон.

Кыргызстандын жарандыгы 5873 кишиге берилген, ал эми жарандыктан 2099 киши чыккан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG