Линктер

жума, 15-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 22:01

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 15-февралда БШК төрайымын кабыл алып, быйылкы президенттик шайлоонун маанисин белгиледи. Бул тууралуу президенттик аппарат кабарлады.

“Президент Баш мыйзамга ылайык, 19-ноябрга туш келүүчү президенттик шайлоого чейин бардык кемчиликтерди жоюп, мүчүлүштүктөрдү жок кылуу менен ачык, таза шайлоо өткөрүүгө даярдык көрүүнү тапшырды”, деп айтылат маалыматта. Президент ачык, таза шайлоо гана өлкөдө бийликтин легитимдүүлүгүн жана саясий туруктуулукту кепилдей аларын белгиледи.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы БШКнын иши, шайлоо системасын жакшыртууга көрүлүп жаткан аракеттер тууралуу президентке маалымат берилди. Нуржан Шайлдабекова мурдагы шайлоодо кетирилген кемчиликтердин негизинде добуш берүү жараянын жакшыртууга зарыл бардык чаралар көрүлүп жатканын айтты.

Быйыл күзүндө Кыргызстанда президенттик шайлоо болот. Ага ат салышуу дымагын азырынча үч саясатчы ырастады. Баш мыйзам боюнча, Кыргызстанда президент алты жылдык мөөнөткө бир жолу гана шайлана алат.(ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG