Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:14

«Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө» мыйзамга вето коюлду


Кыргыз өкмөтү.
Кыргыз өкмөтү.

Президент Алмазбек Атамбаев аталган мыйзамдын ага каршы пикирлер менен макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн Жогорку Кеӊешке кайтарды.

Президенттин жүйөөсү боюнча, мыйзамдагы так эмес терминдерди пайдалануу жана баяндоолордун түшүнүксүздүгү аны жүзөгө ашырууда көйгөй жаратып, мамлекеттик органдардын ишмердигинде чечилгис карама-каршылыктарга алып келиши ыктымал. Бул тууралуу президенттик аппараттан маалымдашты.

Анда айтылгандай, терминдердин так эместиги бир жагынан укук бузуучуларды жоопкерчиликке тартуу мүмкүндүгүнө шек жаратат, экинчи жагынан ак ниет кызматкерлерге негизсиз дооматтардын коюлушуна жол ачышы мүмкүн.

Айрым баяндоолор коррупция менен күрөшүүгө өбөлгө болгудай так берилген эмес деп белгилеген мамлекет башчы.

«Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө» мыйзам мамлекеттик жана муниципалдык органдарда саясий жана башка кызмат орундарын ээлеген адамдардын кызматтык милдеттерин аткаруусун тескейт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG