Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 08:37

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчиси Замирбек Осмонов менен Кыргызстандагы ишкерлердин кеңири жыйыны бүгүн Бишкекте болот. Анда өлкөдөгү ишкерликтин акыбалы, мамлекеттик органдар менен ишкерлердин мамилеси тууралуу сөз болот. Жолугушууну уюштурган ЖИА бизнес биримдигинин аткаруучу директору Руслан Акматбектин “Азаттыкка” билдиришинче, ишкерлер анда текшерүүлөрдү, аткезчиликти азайтуу, ачык бизнеске мамилени өзгөртүү боюнча сунуштарын айтышат.

Жолугушууга өлкөдөгү отуздан ашуун бизнес ассоциациялардын мүчөлөрү катышары айтылууда.

Замирбек Осмонов аталган кызматка жакында дайындалган. Буга чейин ал Мамлекеттик салык кызматын жетектеп келген. Осмонов жетекчи бизнеске эркиндик берүү керек деген пикирин билдирип келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG