Линктер

дүйшөмбү, 22-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 22:13

Токтогулда мектептин чатыры урап түштү


Калың кар.

Көтөрмө айылындагы Чокоев атындагы орто мектептин чатыры калың жааган карды көтөрө албай сынып кеткен. Алдын ала маалыматтар боюнча, жапа чеккендер жок.

Учурда ӨКМдин жарандык коргонуу боюнча комиссиясы бул окуя боюнча иштеп жатканын министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

Акыркы күндөрү тоолуу аймактарда кар калың түшүп, мындан ички чарбалык жолдор жабылып, каттамдар токтогон. Чаткалда жааган кардын калыңдыгы эки метрге жетип, мектеп, бала бакча жана башка социалдык мекемелер ишин убактылуу токтотту.(ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG